Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

АКШ Түндүк Кореяга санкцияны күчөткөн резолюция даярдоодо


Никки Хейли.
Никки Хейли.

Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракетаны алгачкы сыноосунан кийин санкцияларды күчөтүү камтылган жаңы резолюцияны БУУнун копсуздук кеңешине сунуштайт. Пхеньяндын ракета сынаганы ачык жана кескин аскердик эскалациядан кабар берерин АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли он беш мүчөдөн турган Коопсуздук кеңештин 5-июлдагы чукул жыйынында билдирди. Хейли санкцияларды катаалдаштырган резолюция жакынкы күндөрдө даяр болорун кошумчалады.

- Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн бири куралдуу күчтөрүбүздө. Биз качан кааласак аны колдоно алабыз. Бирок бул жолго баргыбыз келбейт, - деген Никки Хейли Вашингтон БУУнун резолюциясын бузуп, Пхеньян менен соода-алака кылган мамлекеттер менен экономикалык байланышты токтоторун эскертти.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп 2017-жылдын биринчи жарымында Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы соода 40 пайызга көбөйдү деген нааразылыгын Твиттердеги баракчасына жазган. Коопсуздук кеңештин чукул отуруму Пхеньян 3-июлда континенттер аралык баллистикалык ракета сынагандан кийин АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын сунушу менен чакырылган.

XS
SM
MD
LG