"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жана парламенттеги фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев “Де Факто” гезити ал тууралуу жазганын расмий түрдө төгүндөсө сотко берген арызын кайра алууга даяр. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан кабарлашты.
"“Де факто” гезитинин башкы редактору бир канча жолу маселени тынч чечүүгө чакырып, өзү кетирген катасын моюнуна алды жана Бакыт Төрөбаевден кечирим сурады. Гезиттин редакциясы аталган макаланы жокко чыгаруу жөнүндө маалымат чыгаргандан кийин Бакыт Төрөбаев арызын соттон чакыртып алмакчы” деп айтылат катчылыктын билдирүүсүндө.
Анда ошондой эле Төрөбаевдин “Мен бул гезитти жок кылуу үчүн же басым көрсөтөйүн деп сотко бергем жокмун, каалаганым эле, редакция ушак-айың таратканы үчүн жоопкерчилигин сезсин деп ойлойм” деген сөздөрүн келтирүүдө.
Бир ай мурда, 6-июнда доо арыз Бишкектин Ленин райондук сотуна берилген. Ага гезиттин быйыл 21-апрелде басылган санындагы макалада Төрөбаевди "Максим Бакиевдин долбоору" деп аташы негиз болгон.
"Де Факто" 30-июндагы санында "...гезиттен кемчилик кеткен болсо ак чөп башта айтып, башыбызды ийе Бакыт мырзадан кечирим сурайлы" деп жазып чыккан. (RK)