Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:03

Сапарбаев: Маевский айтып жаткан күнү Текебаев менен жолуккан эмес


Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жардамчысы болуп иштеген Жоомарт Сапарбаев күбө катары көрсөтмө берди.

Сапарбаев Текебаевдин 2010-жылдын 13-майындагы иш жадыбалын эстеп, бул күнү ал алгач "тегерек стол" талкуусуна, түштөн кийин өкмөттүн шашылыш жыйынына катышканын, андан соң кечке жуук Конституциялык кеңешменин отурумуна катышканын айтты.

Ал бул күнү Текебаев Маевский менен жолукпаганын айтып, деги эле бул орус жараны тууралуу быйыл кышында гана интернеттен биринчи жолу көрүп, укканын билдирди.

Сапарбаев 2010-жылы Текебаевдин жардамчысы болгондуктан анын иш кабинетине кимдер келип, кандай жолугушуулар болгонун билерин, себеби аларга өзү катышканын кошумчалады.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда "Мегакомдун" акциясын сатып алуу үчүн Текебаевге 300 миң доллар бергенин, кийин акчаны 1 млн доллар кылып толуктаганын билдирген. Бирок акчасын кайтара албай, "Мегаком" акцияларына ээ болбой, Текебаевге алданып калганын айтып быйыл февраль айында өлкөнүн күч органдарына арыз жазган.

Соттук териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат. (SdZ)

XS
SM
MD
LG