Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Атамбаев Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо катында “Боордош Казакстандын ийгиликтери, социалдык-экономикалык жетишкендиктери же дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык аренадагы өлкөнүн кадыр-баркын бекемдөөдө болобу, мунун баары Сиз жүргүзүп жаткан көрөгөч саясаттын көрүнүктүү жыйынтыктары. Сиздин кесиптик жана турмуштук бай тажрыйбаңыз дайыма Казакстан элинин колдоосуна татыктуу болгон Сиздин көп кырдуу жана жемиштүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат” деп айтылат.

Атамбаев ошондой эле тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизденген достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-казак мамилелери бир тууган эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берерине ишенерин айтты.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келатат. Бүгүн ал 77ге чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG