Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Турсунбек Акун президенттик кызматка талапкерликке көрсөтүлдү

“Адам укугу” партиясынын I курултайы. 06.7.2017.
“Адам укугу” партиясынын I курултайы. 06.7.2017.

“Адам укугу” саясий партиясы 6-июлда биринчи курултайын өткөрүп, төрагасы Турсунбек Акунду президенттикке талапкерликке көрсөттү. Укук коргоочу курултайдын катышуучуларына мамлекет башчы болуу чечимин кабыл алууга түрткү берген жагдайлар тууралуу маалымат берип, шайлоого катышуу программасы менен тааныштырды.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) колдоосунда 1991-жылы негизделген Кыргызстан укук коргоо кыймылы 2015-жылдын 21-январында “Адам укугу” саясий партиясы болуп кайра түзүлгөн.

5-июлга карата Кыргызстандын Боршайкомуна 16 жаран президенттикке талапкерлик арызын тапшырды. Алардын экөөсүн партиялары көрсөттү, калган 14ү – өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. (BD/RK)

Куржундар
XS
SM
MD
LG