Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Ооганстандагы жардыруудан алты киши набыт болду


Жардыруучу зат чоң жолдун боюна коюлган.
Жардыруучу зат чоң жолдун боюна коюлган.

Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясындагы 5-июлда болгон жардыруудан алты жайкын тургун набыт болду. Жергиликтүү расмийлер билдиргендей, жардыруучу зат чоң жолдун боюна коюлган.

Эки күн мурда ушундай эле жардыруудан Шиба Кох провинциясында дагы алты киши мерт кеткен, алардын арасында балдар да болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, соңку бир апта ичинде жол четине коюлган бомбалар жалпысынан 17 жай тургундун өмүрүн алды.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна эч бир топ ала элек.

Быйыл жыл башынан бери “Талибан” менен “Ислам мамлекети” террордук топторунун согушкерлери бир нече кол салуу жасап, жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG