Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Тиллерсон: АКШ Орусия менен Сирия боюнча кызматташууга даяр


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон АКШ Орусия менен Сирия боюнча кызматташууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу Тиллерсон 5-июлдун кечинде билдирди.

Ал Кошмо Штатттар Орусия менен биргеликте Сирияда де-эскалация зоналарын түзүүгө ачык экенин, ошондой эле ок атышууну токтотуу боюнча мониторинг жүргүзүү, жаңы механизмдерди биргеликте түзүү жана гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыздоо боюнча кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Мамлекеттик катчынын айтымында, Вашингтон менен Москванын кызматташуусу Сирияда туруктуулукту камсыздамак, анткени АКШнын колдоосуна ээ куралдуу күчтөр Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна чабуулдарын улантууда жана аталган топ Тиллерсондун сөздөрүнө караганда "болгон күчүн жоготуп, жеңилгени турат".

- Эгер биздин эки мамлекет жеринде туруктуулукту камсыздоо үчүн биргеликте иштесе, бул Сириянын саясий келечегин жөндөөгө негиз болмок.

Ал ошондой эле Орусия Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтүнүн химиялык куралдуу колдонуусун токтотушу керектигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG