Өзбекстан Human Rights Watch эл аралык укук коргоочу уюму менен кызматташуусун жандантууга даяр. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов өлкө жарандарынын суроолоруна түз байланышта жооп берип жатып билдиргенин Gazeta.uz. интернет басылмасы жазды.
- Жакында эле биз Human Rights Watch уюмунун аткаруучу директору Кеннет Росстон кат алдык, ал Стив Свердлов мырза (HRW уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү) башында турган топтун Өзбекстанга келишине уруксат беришин суранган. Биз бул команданы кабыл алууга даярбыз-деди Камилов.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун кеңсеси Ташкентте 1996-жылы ачылган. 2007-жылы Өзбекстандын бийлиги уюмдун өкүлдөрүнө аккредитация берүүдөн баш тарткан. 2011-жылы Өзбекстандын Жогорку соту Юстиция министрлигинин HRW уюмунун өкүлчүлүгүн жабуу боюнча арызын канааттандырган.
Өзбекстандын президенттигине өткөн жылдын соңунда Шавкат Мирзиеев келгени өлкөдө адам укуктары жаатында бир катар жылыштар болуп жатканын байкоочулар белгилеп келишет.