Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Москвада Навальныйдын шайлоо штабын жабышты


Москвадагы Навальныйдын штабы.
Москвадагы Навальныйдын штабы.

Москвада оппозиционер Алексей Навальныйдын шайлоо алдындагы штабын убактылуу жаап салышты. Ал жакта азыр тергөө иштери жүрүп жатканын Навальныйдын "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" кызматкери Николай Ляскин Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын айтымында, фонддун кызматкерлерин кеңсеге киргизбей жатышат. Активисттердин социалдык тармактарга жазышынча, бардык техника, үгүт материалдары жана башка буюм-тайымдар конфискацияланды. Штабдын айланасында ондогон полиция кызматкерлери жүрөт.

Бир күн мурда полиция Навальныйдын Новосибирск шаарындагы шайлоо алдындагы штабында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тартип коргоочулар саясатчыны колдогон жергиликтүү гезиттин 350 миң даанасын жана башка үгүт материалдардын баарын алып кеткен.

Ушундай эле тинтүү иштери оппозициячыл саясатчынын Орел шаарындагы штабында да болгон. Навальныйдын Москвадагы штабы 29-майдан тарта иштей баштаган. Алексей Навальный 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG