Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Байсалов: ЖМКлар үгүт маалында "жарыя тактасына" айланып калууда


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдындагы үгүт маалында “жарыя тактасына айланып калууда” деген оюн билдирди.

Ал маалымдоо каражаттары чектөөлөрдөн улам “акча төлөп таратуучу баракча” сыяктуу иштеп каларын белгилеп, “ошондуктан шайлоого байлар гана катышууда, ал эми журналисттер кесиптик милдети боюнча да өз оюн айткысы келсе ал үгүт эрежесин бузган болуп айыпталып калууда” деп белгиледи.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча талапкерлерге үгүт жүргүзүүгө шайлоо алдындагы бир айлык мөөнөт ичинде гана уруксат берилет. Байсаловдун пикиринде, журналисттерге ага чейин да талапкерлердин өзгөчөлүктөрү тууралуу окурман-угармандарга маалымат жеткирүүгө, анализ жасоого уруксат берилиши зарыл.

Күзүндө өтө турган президенттик шайлоо жараянын чагылдыруунун актуалдуу маселелери бүгүн Бишкекте “Сөз эркиндигин коргоо” уюму уюштурган жыйында талкууланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG