Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

АКШ Пхеньянга каршы катаал чара караштырып жатат


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын ушул апта башында сыноодон өткөргөн континеттер аралык ракетасына жооп катары айрым катаал чараларды караштырып жатканын айтты. Бул тууралуу АКШ лидери 6-июлда Варшавада сүйлөп жатып билдирди. Трамп бардык мамлекеттерди Түндүк Кореянын "абдан, абдан начар жоругуна" каршы чыгууга чакырды. Мурдараак Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы туруктуу элчиси Никки Хейли "эгер зарыл болсо Вашингтон Түндүк Кореяга каршы куралдуу күчтөрүн колдонууга даяр экенин" белгилеген.

- Кошмо Штаттар өзүбүздү жана биздин союздаштарды коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонууга даяр. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз куралдуу күчтөрүбүздө. Эгер кааласак биз аны колдонобуз, бирок биз бул багытта иш алып барууну көздөбөйбүз-деди Хейли 5-июлда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында сүйлөп жатып.

Ошондой эле жыйында Хейли жакын арада Вашингтон Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды караган резолюция долбоорун Коопсуздук кеңештин өкүлдөрүнө сунуштарын айткан.

Түндүк Корея 4-июлда жаңы, планетанын каалаган жерине жете турган континенттер аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын ырастады. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы "Hwasong-14" ракетасы 2800 чакырымды 39 мүнөттө өтүп, максатына жеткенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG