Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Сариев: БШКнын жаңы шайлоо бекеттерин ачууга укугу жок болчу


Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев кошумча шайлоо бекеттеринин ачылышы мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн талкууда айтты.

- Бул мыйзамсыз. Бардык комиссиялар туруктуу негизде иштейт жана алар мурда эле калыптанган. БШКга мындай укук берген норма жок. Алар шайлоочуларды ошол жакка жөнөтүп, добуш алууга эсептелген “кошумча аэродром” болуп калууда.

Акылбек Сариев Боршайкомду бул боюнча чечимдерин кайра карап чыгууга чакырды.

Былтыр декабрда Кыргызстанда бийлик сунуштаган конституциялык реформа жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо өткөн. Анда Бишкекте аймактарда катталган, бирок борбордо жашаган жарандар үчүн деп кошумча 32 участок ачылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG