Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Акын Алмаш Чойбекова дүйнө салды


Алмаш Чойбекованын жаш кезинде тартылган сүрөтү
Алмаш Чойбекованын жаш кезинде тартылган сүрөтү

Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Алмаш Чойбекова 70 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу акындын калемдештери кабарлады.

Акыркы мезгилде эки көзү азиз акын ден соолугунан улам карызга батып, үйүн алдырып, көчөдө калуу коркунучуна кептелгени айтылып жаткан.

Замандаштары Чойбекова каза болоруна жакын Сузак районундагы карылар үйүндө жашап жатканын билдиришти.

Акын эмгек жолун 1965-жылы Бишкектеги “Чолпон” бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1973-1975-жылдары Ош облусунун кыргыз драмтеатрында актриса, 1975-1978-жылдары Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы Энгельс атындагы орто мектепте пионердик тарбиячы, 1978-жылы Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген.

Биринчи “Ак булут” аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарык көргөн.

Акын Алматай Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында 1947-жылы 8-августта төрөлгөн. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. (ZA)

XS
SM
MD
LG