Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Германияда Меркел менен Трамп жолугушту


Германия канцлери Ангела Меркел менен АКШ президенти Дональд Трамп Гамбургда өтө турган “Чоң жыйырма” тобунун саммитинин алдында жолугуп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды, Түндүк Корея жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.

Гамбургдагы мейманканалардын биринде өткөн жолугушуу эки саатка созулуп, жабык өттү.

Бүгүн баштала турган G20 саммитинин күн тартибинде дүйнөлүк соода жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелер талкууланат. Бул эки маселеде Германия менен АКШнын ортосунда келишпестиктер бар. Буга чейин эки саясатчы Вашингтондо жолугушкан. Журналисттер Меркел менен Трамптын ортосунда солгун мамиле болгонун жазып чыгышкан.

"Чоң жыйырманын" саммитин утурлай ага каршы миңдеген демонстранттар Гамбургдун көчөлөрүнө чыгышты. Тартипти көзөмөлдөөгө жыйырма миңдей полиция кызматкерлери тартылды.

XS
SM
MD
LG