Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

Орусия Түндүк Корея боюнча резолюцияны четке какты


6-июлда Орусия Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракетаны учуруусун айыптаган АКШ түзгөн резолюция долбооруна каршылыгын билдирди.

Орусия 4-июлда сыналган ал ракеталар алыска эмес орто аралыкка гана жете аларын белгилеп, Коопсуздук кеңешинде талкууланган резолюцияга өзгөртүү киргизүүгө аракеттенерин айтты. Вашингтон Пхеньянга каршы санкицяларды катаалдаштырууну көздөп жатат. Элчи Никки Хэйли АКШ өз сунуштарын жакында берерин билдирди.

Түндүк Корея бийлиги континенттер аралык баллистикалык ракеталар технологиялык жактан мурдагылардан алда канча заманбап деп ырастап жатат. Кошмо Штаттар бул чындыкка жакын деген пикирде. Резолюциянын жактырылышы үчүн Коопсуздук Кеңешинин бардык туруктуу мүчөлөрү мунасага келүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG