Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстан-Кытай: Айыл чарба боюнча келишимдер кабыл алынды


Сооронбай Жээнбеков жана Чжи Шупинг
Сооронбай Жээнбеков жана Чжи Шупинг

Кыргызстан айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоого кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытайдын товарлардын сапатына көзөмөл жүргүзүү, инспекция жана карантин министри Чжи Шупинг менен жолугушууда билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстан эт, сүт, балык жана башка азыктарды жөнөтө алат.

"Кытай биздин негизги соода өнөктөшүбүздүн бири, бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын бул өлкөгө экспорту дээрлик өспөй жатат. Бизде айыл чарбасынын колдонулбаган чоң потенциалы бар" деди өкмөт башчы.

Жолугушуунун соңунда эки өлкө ортосунда айыл чарба жана ветеринария жаатында кызматташуу боюнча төрт келишимге кол коюлду. (RK)

XS
SM
MD
LG