Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Гамбургда полиция менен антиглобалисттер кагылышты


Гамбургда "Чоң жыйырманын" саммитин утурлай бүгүн да антиглобалисттер менен полиция кагылыша кетти. Германия бийликтери демонстранттар полиция бөлүмүнө чабуул коюп, машинелерин өрттөшкөнүн билдиришүүдө.

Эки күндүк жыйында лидерлер терроризмге каршы күрөш, миграция, соода, климаттагы өзгөрүүлөр өңдүү глобалдуу маселелерди талкуулашмакчы.

Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жетекчилер Гамбург көчөлөрүндөгү акцияларга “сокур же дүлөй калган жок” деди.

Тартип коргоочулар демонстранттарга каршы суу атмаларды колдонушту. Маалыматтарга караганда алдынкы күнү көчөлөргө 13 миңдей киши чыкты, кагылышууларда 75 чакты полициячы жарадар болду. Бийликтин эсебинде дем алыш күндөрү шаарга 100 миңдей антиглобалист чогулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG