Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Кундузда атышуудан алты адам жараат алды


Ооганстандын Кундуз чөлкөмүндө эки атаандаш куралдуу топтун ортосундагы аткылашуудан алты киши жараат алды. Жаңжал бүгүн эртең менен Ханабад шаарынын жанында болгон. Ооганстандагы түрдүү куралдуу кошуундардын айрымдары Кабул өкмөтү менен бирге "Талибан" согушкерлерине каршы күрөшүп, ошол эле маалда бири-бирине да кас тиккендер да жок эмес. Бүгүнкү атышууга катышкан топтордун талиптерге байланышы жок деп маалымдалууда.

Кундуз шаарынан 30 километрдей жакын орун алган Ханабад былтыр жана үстүбүздөгү жылы кыска мөөнөткө талиптердин колуна өткөн. "Талибан" Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясынын борборун да мындан эки жыл мурун жана өткөн жылы өз көзөмөлүнө алып, өкмөттүк күчтөр бир нече күндүн ичинде бошотушкан.

XS
SM
MD
LG