Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:33

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында газдын жарылышынан жабыркагандардын дагы бири көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн Бишкектин Травматология жана ортопедия борборунда 57 жаштагы жаран каза тапты, анын денесинин 70% күйүк алган болчу.

Доктурга түшкөндө анын абалы өтө оор деп мүнөздөлүп жаткан.

Бүгүнкү күндө жабыркагандардын дагы экөө, 25 жана 26 жаштагы жарандар ооруканада жатат. Экөөнүн тең абалы оор.

19-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда болгон жарылуудан ата-бала набыт кеткен. Оор абалда ооруканага жети адам жаткырылган. (RK)


Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG