Египетте эки жанкечти Синай жарым аралында текшерүү пунктунда машинаны жардырганда 26 жоокер окко учту. Кол салуу Палестинанын Газа тилкеси менен чек аралаш Рафах шаарчасында бүгүн болгон. Ал аймакта “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму Египет өкмөтүнө каршы күрөшүп келатат.
Армия 2013-жылы исламчыл президент Мохамед Морсини кулатып, колдоочуларын куугунтуктоо башталгандан бери согушкерлердин кол салууларынан жүздөгөн киши набыт кетти.