Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Косоводо өкмөттү түзүү мандаты демократтардын лидерине берилет


Рамуш Харадинай
Рамуш Харадинай

Косовонун президенти Хашим Тачи Демократиялык партиянын лидери Рамуш Харадинай коалициялык өкмөт түзүү үчүн парламентте жетиштүү колдоого ээ деп билдирди.

Тачи "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, мандат Харадинайга тапшырыларын айтты. 11-июндагы шайлоодо анын партиясы добуштардын 35 процентин алгандан кийин демократтар коалиция куруу үчүн өнөктөш таба албашы мүмкүн деп айтылып келген.

Евробиримдиктин жана Батыштын башка институттарынын өкүлдөрү так жеңүүчүнүн жоктугу өлкөнү кайрадан конституциялык кризиске такашы мүмкүн деген камтамасын билдиришкен. 2014-жылы бир да партия ишенимдүү ута албай өкмөт түзүү тогуз айга созулган.

48 жаштагы Харадинай согуш кылмыштары үчүн эки жолу айыпталып, эки жолу Гаагадагы эл аралык трибуналда акталган.

XS
SM
MD
LG