Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Түрк оппозициясы Анкарадан Стамбулга карай жүрүшкө чыкты


Түркиянын оппозициячыл Республикалык Элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу “Акыйкат жүрүшү” аттуу маршка кошулду. 23 күн мурда башталган жүрүшкө катышкан миңдеген адамдар өлкө борбору Анкарадан Стамбулга чейин барууну көздөп турушат.

Акция оппозиция президент Режеп Тайип Эрдогандын саясатына нааразылык билдирүү иретинде өтүүдө. Алгач жүрүш оппозициячыл депутат Энис Бербероглунун камакка алынышына нааразылык иретинде башталган. Бирок өлкөдөгү былтыртан бери жүрүп жаткан камоолорго каршы акция катары кеңири жайылды.

Былтыр 15-июлда Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен соң 50 миңден ашуун адам камакка алынды. Ошондой эле 100 миңден ашуун мугалим, сот жана полиция кызматкери иштен бошотулду.

XS
SM
MD
LG