АКШ, Орусия жана Иордания Сириянын түштүк-чыгышындагы каршылашкан топтордун ок атышуусун токтотуу боюнча макулдашууга жетишти.
Мындай маалыматты Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ырастаганын Reuters агенттиги жазып чыкты.
Ага ылайык, Сириянын Иордания менен чектешкен бул чөлкөмүндө ок атышуу 9-июлдан тарта токтошу керек.
Рекс Тиллерсон бул макулдашуу АКШ менен Орусиянын Сирия маселеси боюнча орток пикир табууга жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн билдирди. Тиллерсон эки тарап бул жааттагы сүйлөшүүлөрдү улантарын кошумчалады.
Сириядагы алты жылдан бери уланып жаткан куралдуу жаңжалда жарым миллионго жакын адам каза болуп, миллиондогон жарандар башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болгону айтылып кетет.