Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

БУУда өзөктүк куралга тыюу салган келишим жактырылды


БУУнун атайын конференциясында өзөктүк куралды колдонууга тыюу салуу боюнча ар тараптуу биринчи келишим жактырылды.

Документти даярдоо боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүү быйыл март айында башталган. Ага өзөктүк державалар саналган Британия, Кытай, Орусия, АКШ жана Франция катышкан жок.

Келишимдин катышуучулары кандай шарт болбосун өзөктүк куралды өндүрүүдөн, сыноодон, сатып алуу жана колдонуудан баш тартууга макулдугун билдиришти.

Документке 20-сентябрга чейин башка өлкөлөр да кошулса болот.

XS
SM
MD
LG