Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Жол бууганга аракеттенген Текебаевдин тарапкерлерине айыппул салынды


Бишкек-Ош жолу. Текебаевдин тарапкерлери. март, 2017-жыл
Бишкек-Ош жолу. Текебаевдин тарапкерлери. март, 2017-жыл

Бишкек-Ош жолун тосууга аракет кылган “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин беш тарапкерлерине акчалай айыппул салынды.

Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 7-июлда Базар-Коргон районундагы Акман айылында нааразылык акциясы өткөн. Мына ушул акция жүрүшүндө беш-алты адам Бишкек-Ош жолун тосууга аракеттенген. Алар мындай кадамын журналисттерге өз акциясын көрсөтүү аракети менен түшүндүрүшкөн.

Жол тосууга аракет кылды деген беш адам райондук милицияга алып келинип, аларга Базар-Коргон райондук сотунун чечимин менен Административдик кодекске ылайык, 3000 сомдон айыппул салынды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл февраль айында камакка алынган. УКМК ага 2010-жылы Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары болуп турганда “Альфа Телеком” ишканасынын үлүшүн орусиялык ишкерлерге жеңилдетилген шартта алып берүү убадасы менен пара алган деген айып тагууда. Текебаев муну саясий ишмердиги менен байланыштырып, куугунтук катары сыпаттап келет. Учурда саясатчынын үстүнөн сот иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG