Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

“Чоң жыйырма” дүйнөлүк соода жүгүртүүнү талкуулады


Ишембиде жыйынтыкталган Гамбургдагы “Чоң жыйырманын” саммитине катышкан өлкө лидерлери дүйнөлүк соода жүгүртүү жана климат маселелери боюнча мунаса табышты.

Жыйынтыктоочу маалымат жыйында Германиянын канцлери Ангела Меркел билдиргендей, саммит катышуучулары базарларды ачуу жана протекционизм менен күрөшүү жаатында макулдашууга жетишти. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп менен глобалдык ысууга каршы аракеттер боюнча сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок. Ошондуктан, саммиттин 19 катышуучусу Кошмо Штаттардын чыкканына карабай Париж келишимин күчүнө киргизүүнү тездетүү маселесин көтөрүштү.

Меркелдин айтымында, саммитин жыйынтыктоочу коммюникесинде бул темага эки башка параграф камтылды. Алардын биринде АКШнын позициясы атайын киргизилди.

“Чоң жыйырма” саммитинин экинчи күнүндө катышуучулар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолуккан Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Бээжинди өзөктүк сыноолорун токтотуу үчүн Түндүк Кореяга “тынч басым” көрсөтүүнү улантууга чакырды. Ал эми Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

“Чоң жыйырмага” 19 өнөр жайы өнүккөн өлкө жана Евробиримдик кирет.

XS
SM
MD
LG