Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Алты айда өрттөн 37 адам каза тапты


Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгынан 37 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, алты айда 1327 өрт кырсыгы катталды. Бул сан былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 10 пайызга аз.

Кырсык кесепетинен материалдык чыгымдын баасы 240 миллион сомду түздү. Көп учурда өрттүн чыгышына электр жабдыктарын колдонуудагы этиятсыздык себеп болгон.

Аймактардын ичинен "тилсиз жоо" Чүй облусунун аймагында көп тутанып, андан 16 адамдын өмүрү кыйылган. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды этият мамиле жасоого чакырууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG