Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Түркиянын оппозициясынын Анкарадан Стамбулга чейинки “Адилеттик жүрүшү” бүгүн жыйынтыкталат. Миңдеген адамдар бийликти адилеттикке үндөгөн ураандарды кармап он беш күнү бою 450 чакырымды басып өтүштү.

Акциянын башында турган оппозициячыл Республикалык-Элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу Стамбулда митинг өтөрүн билдирди. Кылычдароглу бул жүрүш аркылуу өлкөдөгү акыркы учурдагы адилетсиз чечимдерге каршылыгын билдирүүнү максат кылганын айтууда.

“Эмнеге мен бул жүрүшкө кошулдум? 450 чакырымга созулган жүрүш бир гана максатты көздөйт: ал - адилеттик”,-деди 69 жаштагы оппозициячыл партия лидери.

Акция оппозициянын президент Режеп Тайып Эрдогандын саясатына нааразылык билдирүү иретинде өтүүдө. Алгач жүрүш оппозициячыл депутат Энис Бербероглунун камакка алынышына нааразылык иретинде башталган. Бирок өлкөдөгү былтыртан бери жүрүп жаткан камоолорго каршы акция катары кеңири жайылды.

Былтыр 15-июлда Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен соң 50 миңден ашуун адам камакка алынды. Ошондой эле 100 миңден ашуун мугалим, сот жана полиция кызматкери иштен бошотулду.

XS
SM
MD
LG