Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Турсунбек Акун БШКга талапкерликке катталуу үчүн арыз тапшырды


Турсунбек Акун президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акун өзү билдирди. Анын айтымында, арызды ишемби күнү түштөн кийин тапшырган. Азырынча БШК Акундун арызы кабыл алынганын расмий бышыктай эле.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду президенттикке “Адам укугу” саясий партиясы 6-июлда биринчи курултайында көрсөткөн.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) колдоосунда 1991-жылы негизделген Кыргызстан укук коргоо кыймылы 2015-жылдын 21-январында “Адам укугу” саясий партиясы болуп кайра түзүлгөн.

8-июлга карата Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 17 жаран президенттикке талапкерлик арызын тапшырды.

Эки талапкерди партиялары көрсөттү, калган 15и – өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG