Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Балбан Тыныбекова Польшадагы мелдеште экинчи болду


Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн Poland Open эл аралык турниринде күмүш байгеге ээ болду.

7-июлдан бери Варшавада өтүп жаткан мелдеште 58 кг салмакта финалдык күрөштө Айсулуу америкалык спортчу Элен Марулиске жеңилип, экинчи болду.

Бул мелдешке Тыныбековадан башка төрт кыргызстандык спортчу катышып, байгелүү орундарды камсыздай алышкан жок.

XS
SM
MD
LG