Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Сириянын түштүк-чыгышында ок атышпоо режими күчүнө кирди


Сириянын Ракка шаарындагы күрт жоокерлери. 27.6.2017. REUTERS.
Сириянын Ракка шаарындагы күрт жоокерлери. 27.6.2017. REUTERS.

8-июлда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин биргелешип жарыялаган Сириянын түштүк-чыгышындагы ок атышууну токтотуу жараяны жекшембиде (9-июлда) күчүнө кирди.

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарын коргоо обсерваториясы 9-июлда билдиргендей, ок атышпоо режими Дераа чөлкөмүнүн айрым аймактарынан тышкары бардык жактарда күчүнө кирди.

Сириянын өкмөтү бул маалымат боюнча эч кандай комментарий берген жок.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жекшемби күнү күчүнө кирген ок атышпоо режимин кубаттап, анын аркасында "бир кыйла өмүрлөр сакталып калаарын" жазды.

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху ок атышууну токтотуу жараянын кубаттап, "бирок бул Иран жана ага ымалалаш күчтөрдүн Сирияда, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө, өздөрүнүн аскердик көзөмөлүн орнотууга шарт түзбөшү керек" деп эскертти.

Алты жылдан бери уланып келаткан Сириядагы согушта ок атышууну токтотуу режими бир нече жолу жарыяланганы менен, алардын эч бири көп убакытка созулган эмес.

XS
SM
MD
LG