Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту уланат

Бүгүн, 10-июлда Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун жана анын тарапташтарынын соттук териштирүүсү уланат. Бул тууралуу Жапаровдун коомдук жактоочусу Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, экс-депутаттын ишинде негизги күбө саналган Кенжебек Жумабаев сотко көрсөтмө берүүгө келбей жатат.

Кенжебек Жумабаев 2013-жылы 7-октябрдагы митингге катышы бар деп, бийликти басып алуу аракети үчүн соттолгон. Тергөөдө Жумабаев митинг учурунда түз көрсөтмөлөрдү телефон аркылуу Садыр Жапаровдон алганын, ал киши каржылык жардам көрсөткөнүн айтып берген. Жапаров өзү Жумабаевдин тергөөдөгү көрсөтмөсү басым алдында коркутуу жолу менен жазылган деп жатат.

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу айыпталып, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган.

4-июлда Жапаровдун атынан аны президенттикке талапкер кылып каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берилген. Бирок БШК экс-депутаттын документинде мүчүлүштүктөр бар деп, арызын кабыл ала элек. (UEz)

XS
SM
MD
LG