Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Орусиялык укук коргоочу Кыргызстанга дале киргизиле элек


Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев эмне себептен өлкөгө киргизилбей жатканы боюнча кыргыз бийлиги түшүндүрмө бере элек. Чек ара кызматы бул боюнча маалымат берүүдөн карманып турат. Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекетинде турган Пономарев кыргыз бийлиги эч себепсиз чек арадан өткөрбөй жатканын айтууда.

Ал 29-июнда Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз кирип, экстремизмге каршы эл аралык конференцияга катышып, Казакстанга кеткен. Ал 9-июлда Бишкекке кайтып укук коргоочу кесиптештери менен жолукмак.

Орусиялык укук коргоочу “Азаттыкка” курган маегинде Бишкектен Москвага учуучу билетин жабууга жана Бишкекте калган буюм-тайымдарын алдырууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

"Мемориал" уюмунун Борбор Азия программаларынын жетекчиси Виталий Пономарев 9-июлда Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга киргизилген эмес. Бул маселе боюнча УКМК маалымат берүүдөн баш тартты. (UEz)

XS
SM
MD
LG