Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:42

Жогорку Нарын каскадын чех компаниясы курат


Чехиянын компаниясы Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадын жана бир катар чакан ГЭСтерди курат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге бүгүн, 10-июлда кыргыз тараптан Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, чех тараптан Liglass Trading CZ. SRO ишканасынын директору Михаел Смелик кол коюшту. Бул иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев да катышып, бул келишим башка европалык инвесторлордун Кыргызстанга келишине түрткү болорун билдирди.

Аталган келишимге ылайык, чех компаниясы 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын, Акбулуң ГЭСин жана дагы он чакан ГЭС курат. Зилалиевдин ырасташынча Liglass Trading CZ. SRO компаниясы орусиялык “Русгидро” ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч курулушуна сарптадык деген 37 миллион долларды да кайтарып берүүнү мойнуна алат.

Жогорку Нарын каскадын Орусия кура баштаган, бирок кийин баш тарткан. Долбоор 727 миллион долларга бааланган эле. Чех тарап болсо бул каскадды бүткөрүүгө 500 миллион доллар кетерин болжолдоп жатат. (UEz/SDz)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG