Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Араванда беш үйдү сел алды


Араван районундагы Кичик-Алай айылы
Араван районундагы Кичик-Алай айылы

Оштун Араван районундагы Кичик-Алай айылындагы беш үйдү жана төрт автоунааны сел алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматкери Авазбек Айтиев “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматы боюнча, адам курмандыктары болгон эмес.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 31 куткаруучусу иштеп жатат.

Сел алган аймакка гуманитардык жардам жеткирилип, төрт чатыр тигилди. (YI)

XS
SM
MD
LG