10-июлда Пакистандын Белужистан провинциясында жардыруу болуп, бир полициячы өлүп, 11 киши жараат алышты.
"Чаман шаарындагы базарда жанкечти мотоцикл менен чабуул койгон. Биздин райондук полициячы Сажид Моманд өлүп, анын айдоочусу оор жараат алды. Дагы он адам жарадар", деп билдирди "Азаттыктын" Пакистандагы кызматына аймактагы полиция офицери Акбар Хан.
Азырынча кылмышка жоопкерчиликти эч бир топ ала элек.
Андан мурдараак Ооганстан менен чектеш аймакта жол боюна коюлган бомбадан чек ара корпусунун үч кызматкери мүрт кетип, бир нече киши жараат алган. Бул үчүн жоопкерчиликти "Талибан" экстремисттик кыймылынын Пакистандагы бутагы алды.