Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Кыргызстан саякат үчүн ыңгайлуу он өлкөнүн катарында


National Geographic илимий-популярдуу журналы Кыргызстанды саякатчылар сөзсүз келиши керек болгон алдыңкы он өлкөнүн катарына киргизди. Аталган журнал Европа жана бир катар өлкөлөргө ачылган визасыз режим туристтер үчүн өтө ыңгайлуу шарт экенин белгилеген.

Бул тизмеге Арктика Аляскасы, Гаити, Гайана, Филиппин, Түркия, Египет, Молдова, Монголия жана Лесото кирген.

Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкуловдун эсеби боюнча Кыргызстанга жайкы туристтик сезондо 900 миңдей чет элдик саякатчы келет. Департамент алардын санын дагы 20 пайызга көбөйтүү боюнча иштеп жатканын айтууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG