Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

НАТО Украинанын аймактык бүтүндүгүн бек колдоорун ырастады


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг Киевдеги сапары учурунда альянс Украинанын аймактык бүтүндүгү үчүн "колдоо көрсөтөрүн" ырастады.

Ал ошондой эле өлкө чыгышындагы Донбасс аймагындагы кырдаалга токтолуп: "Ок атышууну токтотуу макулдашуусу сакталбай жатканы түшүнүктүү. Бизди аймакта ЕККУ байкоочуларына каршы коркунуч көбөйгөнү да тынчсыздандырат. Минск келишими тынчтыкка карай жалгыз жол бойдон кала берүүдө. Орусия миңдеген жоокерлерин Украинадан чыгарып кетип, жоочуларды башкаруу жана аскер техникалары жагынан колдогонду токтотушу керек", деди Столтенберг бүгүн Порошенко менен жолуккандан кийин.

Украин президенти Петр Порошенко 2020-жылга чейин НАТОнун стандарттарына төп келүү үчүн реформаларды жасоону убада кылды.

Украина чыгышы 2014-жылдан бери тынч эмес. Адегенде Крым Орусия тарабынан аннексияланып, кийин Донбасстагы орусиячыл жикчилдер өкмөткө каршы баш көтөргөн.

XS
SM
MD
LG