Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:25

Бишкектеги таштанды жайы жабылат


Бишкектеги таштанды полигону
Бишкектеги таштанды полигону

Борбор калаанын түндүк тарабындагы эски таштанды жайын жаап, анын ордуна жаңысын куруу боюнча келишимге 10-июлда кол коюлду.

Келишимге мэриянын алдындагы "Бишкек санитардык полигон" ишканасы менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы "Бишкек шаарындагы таштандыларды иштеп чыгуу системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында кол коюшту.

Борбор калаа жетекчилигинин маалыматы боюнча таштанды жайы жашыл зонага айландырылат. Долбоордун жарымы Европа Биримдиги тарабынан берилген гранттын эсебинен, жарымы Европа өнүктүрүү банкынан алынуучу насыя менен каржыланат.

Келишимдин суммасы 1,596 млн доллар. Бишкектеги шаардык таштанды жайы 1978-жылдан бери иштеп жаткан. Учурунда 400 миң кишиге эсептелген.

Ушул тапта шаарды байырлагандардын саны миллиондон ашуун.(ZKo)

XS
SM
MD
LG