10-июлда Шымкент шаарындагы Түштүк Казакстан облустук сотунун алдында жергиликтүү тургун юбка кийип алып нааразылык акциясына чыкты.
Аты-жөнүн жарыялабоону жана жүзүн көрсөтпөөнү өтүнгөн 30 жаштагы эркек анын нааразылыгына жергиликтүү соттордун тестиндеги каталар себеп болгонун билдирди. Айтымы, алардын биринде аны аял деп көрсөтүп коюшса, башкасында жашаган жерин туура эмес жазышкан.
Нааразылыгын билдирип чыккан жергиликтүү тургунду кабыл алган облустук соттун судьясы Мухтар Каримов ал адамдын катына буга чейин эле жооп бергенин айтты. «Эгер токтом анын ар-намысына тийип, ыза кылган болсо, анда даттангыла», - деди судья.
Юбка кийип нааразылык акциясына чыккан адам бул маселе боюнча арыз менен облустук жана Жогорку Соттун төрагаларына кайрылганын билдирди.