Чүйдүн Аламүдүн районундагы ГЭС-5 көлүнө чөгүп кеткен 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, сууга чөккөн адамдын сөөгүн издөөгө тогуз куткаруучу тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы күндөрү күн ысып кеткенине байланыштуу көлгө түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.(BkA)