Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Экс-депутат Самаковдун соту жылды


Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда Карганбек Самаковдун ишин кароо улантылды. Бирок соттук жараян айыпталуучулардын бири мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин ооруп калганына байланыштуу башка күнгө жылды.

Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочулар Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялап,19 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну сураган. Бишкектин айланасындагы жер тилкелерин бөлүүгө катышы бар деп мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди 11 жылга камоону суранган.

Ал эми мурдагы бийлик ээлери Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевди 18 жылга, Арстанбек Ногоевди 11 жылга эркинен ажыратуу сунуш кылынган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иши мурдагы жылы 14-майда козголгон. Ал Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектир жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG