Былтыр Кыргызстан менен АКШ ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 154 миллион долларды түзүп, мурдагы жылдарга караганда 31 миллион долларга көбөйдү.
Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан жана АКШ бизнес форумунда экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Кошмо Штаттардан келген инвестициянын көлөмү өсүп жатат.
Инвестициялар финансылык тармакка, транспорт, байланыш жана мейманкана жаатына келип жатат.
Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен АКШ бизнес форуму өтүп жатат. Ага Кошмо Штаттардан келген бир катар компаниялардын өкүлдөрү катышууда.(BkA)