Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Текебаевдин соту: судьяга ишеним көрсөтпөө сунушталды


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн соттук жараянда ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулуна төртүнчү жолу ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү.

Текебаевдин адвокаттарынын бири Канат Хасановдун айтымында, судья Эрнис уулу мыйзамды бузуп, прокуратуранын таламын ачык коргоп жатат.

Буга чейин соттолуучулардын адвокаттары жараянды видеого тартууга уруксат берүү өтүнүчү келтирген. Адвокаттар орусиялык ишкерлер Леонид Маевский жана Алексей Модиндин коопсуздугун камсыздоо жүйөсү менен видео тасма тартууга тыюу салынганын, эми алар көрсөтмө берген соң мындай муктаждык калбаганын айтышты.

Бирок судья бул өтүнүчтү четке какты. Мындан соң адвокаттар судьянын өзүнө ишеним көрсөтпөөнү сунуштады. Бирок судья Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтү четке какты.

"Ата Мекен" партиясынын башчысы, парламенттеги фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов коррупция боюнча соттолууда. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп турганда орусиялык ишкерлерден пара алган деп айыпталып жатат.

Саясатчылар айыпты жалган жалаа катары сыпаттап, четке кагып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG