Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

Улукбек Кочкоров талапкерликке катталуу үчүн арыз тапшырды


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Мындай маалыматты “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов ырастады. Анын айтымында, Кочкоровдун арызы келип түштү жана аны шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу карап жатат.

Кочкоров буга чейин УКМКда иштеген. Мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган.

11-июлга карата Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 19 жаран президенттикке талапкерлик арызын тапшырды.

Үч талапкерди партиялары көрсөттү, калган 16сы – өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG