Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

АКШда аскерий учак кулап 16 киши мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Миссисипи штатында аскерий учак кулап, кеминде 16 киши набыт болду. Бул тууралуу аймактын өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчиси Фред Рендл билдирди. Ар кандай маалыматтар боюнча борттун ичинде 16 киши бар эле.

10-июлдун кечинде Лефлер аймагында болгон кырсыктын себептери белгисиз. Кошмо Штаттардын Деңиз аскерлери корпусунун маалымат катчысы Сара Бёрнс KC-130 Hercule аскерий учагы күтүлбөгөн кырсыкка учураганын айтты.

Кырсыкка жеринде күбө болгондордун айтымында, учактын фюзелажы толугу менен кыйрап, күйүп кеткен. Адам сөөктөрү жана учактын калдыктары кырсык болгон жерден тогуз чакырым радиуска чачырап кеткен.

XS
SM
MD
LG