Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Америкалык аскер ИМди колдогону үчүн айыпталды


Канг армияга 2001-жылдын декабрь айында чакырылган.
Канг армияга 2001-жылдын декабрь айында чакырылган.

Ирак жана Ооганстанда кызмат өтөгөн АКШ армиясынын жоокери "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлерине олуттуу колдоо көрсөткөнү үчүн айыпталып жатканы тууралуу Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу 10-июлда кабарлады.

34 жаштагы Икэйки Канганын үстүнөн иликтөө иши бир жыл мурда башталган. Эми ал 8-июлда камакка алынганы да маалымдалды. Тергөө материалдарына ылайык, Канг 2014-жылы Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алган "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кызмат кылууга ант берген. Ошондой эле ФБР маалымдагандай Канг аталган радикал топко аскерий маалыматтарды берүүгө аракеттенгени үчүн айыпталууда.

Канг армияга 2001-жылдын декабрь айында, 11-сентябрдагы террордук чабуулдан көп өтпөй чакырылган. 2010-2011-жылдары Иракта, ал эми 2013-2014 жылдары Ооганстанда кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG