Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:56

Таш-Көмүр: мэр шайлоодо талаш чыкты


Таш-Көмүр шаардык кеңешинде калаа мэрин шайлоодо талаш чыкты. Өткөн жумада белгиленген шаар башчысын шайлоого коалициялык көпчүлүктүн депутаттары келбей, өтпөй калды.

Көпчүлүк коалициядагы “Ата-Журт”, “Республика” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары биригип талапкер көрсөткөн. Азчылыктагы “Өнүгүү Прогресс”, “Таш-Көмүр жаштары” жана КСДП биригип экинчи талапкерди алып чыккан.

Экинчи ирет мэрди шайлоо 21-июлга белгиленди. Эгерде шайлоо өтпөй калса шаардык кеңеш экинчи жолу мөөнөтүнөн мурда таратылат.

Быйыл шаардык кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаттары да мэр шайлоодо бириге албай, апрель айында мөөнөтүнөн мурда тараган. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG