АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Орусия жана Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү колдойт. Бирок Ак үй Конгресстин эл өкүлдөр палатасы карап жаткан мыйзам долбооруна каршы. Анткени ал жакта президенттин ыйгарым укуктары ыксыз чектелген. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Марк Шорт 10-июлда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өткөн айда АКШ сенаты жактырган мыйзам долбоорунда эгер Кошмо Штаттардын президенти санкцияларды жоюуну же жумшартууну караштырууну чечсе, буга Конгресстин добуш берүүсү керек болот.
14-июнда АКШ сенаты Орусиянын Сирия жана Украинадагы аракеттери жана Америкадагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсүнө жооп катары санкцияларды кеңейтүүнү караган мыйзам долбоорун бекиткен.
Жаңы санкциялар Орусиянын чалгын жана коргоо мекемелеринин кызматкерлерине каршы багытталган. АКШдагы бир катар мунай жана энергетикалык корпорациялар Москвага каршы санкциялардын катаалдашына каршы. Алардын пикиринде бул чектөөлөр дүйнөдөгү америкалык компаниялардын ордун алсыратышы мүмкүн.