Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чек ара бекеттериндеги коррупция элдин өкмөткө ишенимин төмөндөтүп жатканын сынга алды. Бул тууралуу өкмөт башчы чек ара бекеттеринин ишин жакшыртуу боюнча жыйында билдирди. Жээнбековдун айтымында, чек арачылардын дарегине абдан көп даттануулар түшүп жатат.
Буга байланыштуу Чек ара кызматындагы жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасын берди.
Ал эми УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев Чек ара кызматында төрт ири коррупциялык схема аныкталганын белгиледи. Чоткараев учурда бул жаатта иштер жүрүп жатканын кошумчалады.(BkA)